Мындай видеолорду коруу азаптуу. Мөмө-жемиштер чачылган алма бактары түп-тамыры менен кыйылат.
«Молдавиянын түндүгүнөн келген дыйкан алма багын кыйып жатат. Prime Rouge сорту. Бакчага 10 жыл болду. Өндүрүүчүнүн түшүмүн сата турган жери жок, ансыз деле ширеге алма алуу пайдасыз. Кайгылуу…” – деп жазды видеону жайгаштырган Илиан Касу Facebook баракчасына.
Сыягы, дыйкандын нерви бузулду окшойт – жыл бою иштеп, алмадан мол түшүм алгандан кийин эч нерсеси жок калды.
Буга чейин түшүмдүн көбү Орусияга сатылчу. Бирок бийликтегилердин Орусияга каршы маанайынан улам Молдова бул базардан ажырап калган. Дыйкандарга мамлекет жардам бербейт. Бийлик башка сатуу базарларын таба элек.
Ал эми эгинди жыйноого акча коротуунун эч кандай пайдасы жок, ошондуктан кепчулук дыйкандар былтыркыдай эле бардыгын четке таштайт.
WWW.KP.MD боюнча окуңуз: https://www.kp.md/daily/27440.5/4642212/