Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов «COVID-дан тышкары – Борбордук Азияны адилеттүү калыбына келтирүүгө карай» Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча экинчи аймактык саммиттин алкагында эки тараптуу кызматташууну талкуулашты. Бул тууралуу КМШнын аткаруу комитети билдирди.
Тактап айтканда, өкмөт башчылары өнөр жай, айыл чарба жана транзиттик-транспорт тармагындагы кызматташуу, ошондой эле суу ресурстары тармагындагы кызматташуу маселелерин талкуулашты.
Белгиленгендей, 2021-жылдын аягында өлкөлөр ортосундагы өз ара сооданын көлөмү 33%га өсүп, 4.3 млн долларды түзсө, үстүбүздөгү жылдын 4 айында 24.5%га өсүп, 1.4 млрд долларды түздү.
«Өз ара сооданын көлөмүн 10 миллиард долларга жеткирүү боюнча эки өлкөнүн президенттери белгилеген тапшырманы ишке ашыруу комплекстүү мамилени талап кылат. Бул үчүн Казакстан менен Өзбекстандын экономикалык потенциалы жетиштүү. Биздин үзгүлтүксүз жолугушууларыбыз казак-өзбек мамилелерин жаңы деңгээлге көтөрүүгө жардам берет деп ишенем», - деди Алихан. Смаилов.