Сахалин облусу Россияда киши башына күнөскана жашылчаларын өндүрүү боюнча лидер болуп калды. Арал аймагы ар бир адамга 20 килограммга жакын түшүм берет, бул бийлик тарабынан бизнестин колдоосу менен мүмкүн болду. Бир нече жылдан бери «Тепличный» совхозу езунун чекене тармагы аркылуу ез продукциясын сунуш кылган даярдоочулардын арасында флагман болуп калууда. Бул тууралуу жакында Сахалин облусунун губернатору Валерий Лимаренко билдирди.
- Өзүнүн күчтүү айыл чарба өндүрүшү аралдардын азык-түлүк көз карандысыздыгын чыңдоону, тургундарды талап кылынган көлөмдө жогорку сапаттагы продукция менен туруктуу камсыз кылууда, - деп баса белгиледи аралдын аймагынын башчысы. — «Тепличный» биздин алдыцкы чарбалардын бири. Жацы сапаттуу жашылчалар областтык борбордун гана эмес, бардык райондордун, анын ичинде эц алыскы райондордун жашоочуларына да жетки-ликтуу болушу зарыл. Эң негизги артыкчылык — адамдардын ден соолугун сактоо, ал эми сапаттуу жана аш болумдуу тамак-аш бул милдеттин олуттуу бөлүгү.
Бүгүнкү күндө «Тепличной» фирмалык дүкөндөрүнүн тармагы Южно-Сахалинскидеги 10 соода түйүндөрүндө көрсөтүлгөн. Сахалиндин туштугундегу башка райондордо жашылчаларды жер-жерлерден тыш-каркы сатуу уюштурулуп, айыл-кыштактарга жук ташуучу дукондор женетулууде. Совхоздун бардык магазиндери экономи-калык форматтын тармагына киргизилген — минималдуу кошумча-лардын эсебинен бул жерде баалар орточо чекене соодадан темен. Башкаларына караганда узагыраак иштеген соода түйүнү облус борборундагы Чехов көчөсүндө жайгашкан. Бул жерге 20 жылдан бери шаардын бардык булуң-бурчунан сатып алуучулар келип жатышат. Жакында имараттар капиталдык ремонттон чыгарылып, ал жерде езун-езу тейлее системасы ишке киргизилди, бул жашылчаларды сатууну бир жарым эсе кебейтууге жардам берди.
«Мага продукциялар абдан жагат», — дейт пенсионер Елена Бубнова. – Бадыраң 150 рубль, помидор 200 рубль. Абдан даамдуу! Бүгүн мен 30 рублга жашыл помидор сатып алдым. Алар менин үйүмдө бышат. Редиска, сабиз, капуста, картошка, ар кандай жашылчаларды да алам. Жашылчалар алтынга барабар болуп, кышында Сахалиндин витаминдери кыялданчудай болгон учурлар эсимде.
Учурда экономика форматындагы соода түйүндөрү аралдын аймагынын тургундарына азык-түлүктүн төрттөн бирине жакынын сатышат. Алар үчүн эң керектүү товарлардын баасы 15% га төмөндөдү, тармак тынымсыз өнүгүп жатат – азыр облуста 715 мындай дүкөн бар. Сахалин облусунун айыл чарба жана соода министри Инна Павленконун айтымында, өкмөт жана арал ишканалары керектөөчүлөрдүн арасында жогорку суроо-талапты камсыз кылуу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатышат. Ошондуктан аралдарда бул азыктар ар дайым жаңы, сапаттуу жана дүкөн текчелеринде жыл бою болот. Мындан тышкары, жергиликтүү бийлик чекене соода түйүнү жана түз сатуу каналдары үчүн бардык зарыл шарттарды түзөт.
Сахалин облусунда үч жылдын ичинде өкмөт жергиликтүү өндүрүүчүлөр менен биргеликте күнөсканаларда жашылчаларды өстүрүүнү үч эсеге көбөйтүүгө жетишти. Бул аралдын аймагына Ыраакы Чыгышта лидер болууга мүмкүндүк берди: Ыраакы Чыгышта орточо эсеп менен бир жашоочуга үч килограммдан аз жашылча туура келет, ал эми аралдарда – 20дан ашык. Бүгүнкү күндө бул көрсөткүч Россияда орточо сегиз килограмм.