Благовещенск-Хейхе өткөрмө пунктуна Кытайдан жашылча-жемиштер бар баржа келди. Бул көпкө созулган тыныгуудан кийин биринчи жолу мөмө-жемиштерди жеткирүү, деп билдирди Россельхознадзордун Амур облусу боюнча башкармалыгы шаршемби күнү.
«Благовещенск-Хейхе эл аралык байланышы жети айдан ашык убакыттан бери жок болгон. Буга биринчи кезекте жайкы навигациянын бүтүшү себеп болгон, андан кийин санитардык-эпидемиологиялык абал себеп болгон. Учурда бул категориядагы өсүмдүк тектүү жүктөрдү Амур облусуна түздөн-түз импорттук жеткирүү суу транспорту менен контейнерлерде ишке ашырылууда», — деп айтылат маалыматта.
Жалпысынан Благовещенскиге Кытайдан 800 тоннага жакын жашылча келген. Анын ичинде пияз, капуста, помидор, сабиз, сарымсак, кабак ж.б.. Ошондой эле Кытайдан 100 тоннадан ашык жемиш (ананас, манго, жүзүм ж.б.) алынып келинген. Жалпысынан өткөрүү пунктуна 65 контейнер кирип, андагы бардык продукция фитосанитардык көзөмөлдөн өткөн.