Новосибирскиде дүйнөдөгү эң чоң Оливье салаты даярдалган. Анын салмагы 4 тоннадан ашык болуп, тамакка Алтай аймагынан 840 кг сабиз жана 1,510 кг картошка тууралган.
Новосибирск шаарынын мэри Анатолий Локот өзүнүн Telegram каналында билдиргендей, өлкөнүн башкы жаңы жылдык тамагын 85 ашпозчу даярдашкан. Натый-жада 4,154 килограмм салат алынып, дуйнелук рекорд коюлду.
Оливье салатын даярдоо үчүн өлкөнүн ар кайсы аймактарында өндүрүлгөн азыктарды алышкан. Ошентип, Алтай аймагында картошка жана сабиз өстүрүлгөн, бадыраң жана буурчак - Кубанда, колбаса жана майонез Новосибирскиде жасалган.
Алп салатка 900 кг колбаса, 680 кг көк буурчак, 840 кг сабиз, 1,510 кг картошка, 400 кг туздалган бадыраң, 8.5 миң жумуртка жана 5 миң порция майонез алынган.
Рекордду оңдогондон кийин соода борборуна келгендер салаттан жешти.
Булак: https://www.ap22.ru