Жайкы навигация ачылгандан бери Благовещенск бажы постунан 2.6 миң тонна жашылча-жемиш, ошондой эле 451 бирдик техника өттү.
Амур областынын борборуна жуктер 11-июндан бери келип жатат, дарыя транспорту менен Хэйхэ чек арасынан картошка, капуста, помидор, таттуу калемпир, кызылча, сабиз, пияз, сарымсак, ананас, жузум жана башка жашылча-жемиштер алынып келинген. Булар Амур областынын жана Хабаровск бажысынын көзөмөл-өткөрмө пункттары аркылуу Орусияга келген быйылкы жылдагы биринчи партиялар. Белгилей кетсек, тез бузулуучу жана эң зарыл товарлар артыкчылыктуу түрдө кабыл алынат.
Ыраакы Чыгыш бажы башкармалыгынан билдиришкендей, келген атайын техникалардын тизмесинде самосвалдар, жүктөгүчтөр, грейдерлер, тракторлор, коптер, бульдозерлор жана башка курулуш техникалары бар.