Ставрополь крайында жузумчулуктун тар-мактары тез енугуп жатат. Облус жүзүмзардын аянты жана дүң жыйымы боюнча Россия Федерациясынын субъекттеринин арасында салттуу түрдө 4-орунду ээлейт, ал жерде жүзүм өнөр жайлык түрдө өстүрүлөт. Чарбалар жузум айдоо аянтын кецейтуу менен гана чектелбестен, жацыланууга жана техникалык жактан кайра жабдууга таянып, эскирген жабдууларды азыркы кездеги агрегаттар менен алмаштырууда.
Бул багытта жүзүмчүлүк ишканалары үчүн бир катар жылдардан бери мамлекеттик колдоо көрсөтүлүп келет – мурда сатылып алынган жабдуулардын чыгымдарынын бир бөлүгүн төлөп берүү үчүн субсидиялар. 2022-жылы жүзүмчүлүктү колдоо үчүн 104.7 миллион рубль, анын ичинде адистештирилген техникаларды жана жабдууларды сатып алууга 40 миллион рублга жакын каражат бөлүнгөн, бул айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө келтирилген чыгымдардын 67%га жакынын кайтарууга мүмкүндүк берген. Жүзүм өстүрүүчүлөр жалпысынан жүзүмчүлүк үчүн 15 бирдик айыл чарба техникасын жана шарап жасоо үчүн 138 техниканы, анын ичинде жүзүм жыйноочу комбайнды, дестемерлерди, жүзүм сактоочу резервуарларды жана башкаларды сатып алышты.
«Учурда биз жүзүмчүлүк субсекторуна кызыгуунун өсүп жатканын көрүп жатабыз. Ушул максатта быйыл бул жаатта мамлекеттик колдоо эки эсеге көбөйтүлүп, 226.6 миллион рублди түзөт. Каражаттар жаңы жүзүмзарларды отургузууга, техникалык тейлөө иштерин жүргүзүүгө, жүзүмчүлүк жана шарап азыктарын өндүрүү үчүн колдонулган негизги каражаттарды жана жабдууларды сатып алууга жана жаңылоого кеткен чыгымдарды субсидиялоого жумшалат», - деди Ставрополь крайынын айыл чарба министринин биринчи орун басары Елена Тамбовцева. .