Вьетнам быйылкы жылдын сегиз айында дүйнөлүк рынокко күрүч экспортун 19% көбөйтүп, 4.7 миллион тоннага жеткирди. Бул тууралуу шаршемби күнү “Tuoy che” гезити Вьетнамдын тамак-аш өндүрүүчүлөр ассоциациясына шилтеме кылып билдирди.
Уюмдун маалыматы боюнча, бүткүл жылдын аягына чейин вьетнам күрүчүн чет өлкөлөргө жеткирүү 6.3-6.5 миллион тоннага чейин өсөрү күтүлүүдө, бул тышкы рыноктордо бул продуктуга болгон суроо-талаптын жогору болушу менен шартталган. Эксперттердин болжолунда, Вьетнам күрүчүнүн экспорттук баасы да жакынкы айларда өндүрүштүн кымбатташынан жана күрүч өстүрүүчү бир катар ири өлкөлөрдө аба ырайынын ыңгайсыз шарттарында бул дан эгининин түшүмсүз калгандыгынан улам жогорулайт.
Жергиликтуу айыл чарба жана селолук курулуш министерствосунун билдируусуне Караганда, Вьетнамда азыр 7.3 миллион гектар шалы айдоо аянты бар жана бул дан эгиндеринен 26—28 миллион тонна даярдалат. Бул сумма өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга жана 6-7 миллион тонна экспортко жетет.
Агроенер жай комплексинин продукциясы Вьетнамдын экспортунун негизин тузет. Анын ассортиментинде күрүч, кофе, чай, татымал, деңиз азыктары басымдуулук кылат. Өлкө көптөн бери кара мурчтун экспорту боюнча дүйнөлүк лидерликти ээлеп келген, жаңгактарды жана андан жасалган азыктарды дүйнөдөгү эң ири экспорттоочу бойдон калууда. Вьетнам ошондой эле Индия менен Таиланддан кийин дүйнөдө үчүнчү ири күрүч экспорттоочусу жана эл аралык рынокко Бразилиядан кийинки экинчи ири кофе берүүчү.
Булак: https://bigasia.ru